Махабат тууралуу дастан

Махабат тууралуу дастан

Жакшылык менен жамандык, сүйүү менен жек көрүү, адамгерчилик жана чыккынчылык - коомдо эч кимди эч качан кайдыгер калтырбай турган темалар. «Астана Балет» театры эки ашыктын трагедиялуу махабат дастаны «Козы Көрпеш менен Баян Сулу» махабат баянын коюуга даярданууда. Белгилей кетүүчү нерсе, казак уламышынын хореографиялык интерпретациясы биринчи жолу сахналаштырылат. Либреттонун автору, коюучу балетмайстер, режиссёр - Георгий Ковтун. Ал борбордогу балет театрында бир айдан ашык убакыттан бери өзүнүн чыгармачыл тобу менен даярдык иштерин жүргүзүүдө. «Козы Көрпеш менен Баян Сулу» - «Астана Балет» труппасы үчүн атайын иштелип чыккан спектакль. Өз кезегинде театр жамааты репертуарында казак стилинде кооздолуп, улуттук стилдеги бий композицияларына толгон элдик ритмдеги хореографиялык чыгарманын пайда болушуна кубанышууда.

Айнур Абилгазина, «Астана Балет» театрынын жетекчи солисти:

- Мен Баян Сулунун ролун ойнойм. Чыгармачыл адам катары, актёр катары өзүмдү жаңы ролдо сынап көрүү, өзүмдү жаңы кырдан таануу мен үчүн кызык. Азыр күнүмдүк тынымсыз иштер жүрүп жатат. Театр бир демде, бир ритмде иштөөдө. Сахнадагы сценография жана декорациялар коюлуп, актёрлор үчүн костюмдар тигилип жатат. Башкача айтканда, ушундай кыска убакыттын ичинде эки актылуу спектаклди даярдап жатабыз. Бул өтө масштабдуу, хореографиялык жактан өтө татаал чыгарма. Азыр биз даярдык иштеринин акыркы этабында турабыз десем болот. Башында ар бир картина өз-өзүнчө көрсөтүлсө, эми анын бардыгы бир чоң спектаклде чогултулуп жатат.

Белгилей кетсек, эки актылуу уникалдуу спектакль өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата атайын даярдалып, теке айынын 2-3 күндөрү көрүүчүлөргө тартууланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков