Түркестандагы уникалдуу «Аттар шоусу» көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланды

Түркестандагы уникалдуу «Аттар шоусу» көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланды

Түркестандыктар жана шаардын меймандары «Кербен-сарай» комплексинде жайгашкан амфитеатрда «Аттар шоусун» көрө алышат. Спектакль казактардын улуттук оюну «кыз куумайдын» негизинде даярдалган. Шоунун автору жана коюучу режиссёру белгилүү француз каскадёру Марио Лураски. Белгилей кетсек, бул шоу альтернитивасы жок уникалдуу долбоор.

Владимир Косенько, шоунун куратору:

- Биз спектаклдин өзөгүнө ашык болгон жигиттин атка секирип минип, кыздын артынан кууган учурун алдык. Бирок шоунун көркөм жетекчиси, режиссёр Марио Лураски ушул бир нече секунддук учурду бир сааттык картинага айландыра алды. Ал театралдаштырып, акробатикалык кыймылдарды кошуп, аны музыка менен кооздой алды. Мында баары бар. Музыка, жекеме-жеке таймаш дагы, каскадёрлордун өнөрү, айтор бардыгы бар.

Спектаклге даярдык иштери үч мамлекетте - Казакстанда, Францияда жана Түркияда көрүлдү. Шоу кураторунун айтымында, анын өзгөчөлүгү да ушунда.

Владимир Косенько, шоунун куратору:

- Биринчиси Францияда, режиссёр Марио Лураскинин командасынын иши. Алар шоунун даярдык иштери менен алектенсе, Стамбулдагы Development Business Departament башкы кеңсеси бардыгынын башын бириктирип, уюштуруу иштери менен алектенип жатты. Ал эми ошол мезгилде Казакстанда «Nomad Stunts» деп аталган каскадёрлор тобу чеберчиликтерин өркүндөтүштү.

Белгилей кетсек, «Кербен-сарайдагы» аталган арена дал ушул спектакль үчүн атайын жасалган. Мында алдыдагы убакытта ар кандай жанрдагы концерттерди жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө болот. Анткени аренанын сахнасы заманбап тутум менен, чоң экран, ошондой эле, үн жана жарык менен толук жабдылган. Ал эми өнөр адамдары жөнүндө айта турган болсок, мында да өз ара кызматташтыкты жана түшүнүшүүнү көрүүгө болот.

Владимир Косенько, шоунун куратору:

- Бул жерде да жакшы кызматташтык орун алды. Ар кайсы улуттардын, ар кандай маданияттардын, ар кандай багыттардын кызыктуу симбиозу пайда болду. Бизде каскадёрлор, актёрлор, бийчилер, акробаттар да бар. Мындан тышкары, Марионун Франциядан атайын коюучу катары келген командасы бар. Жайдарбек мырзанын жетекчилиги менен биздин «Nomad Stunts» каскадёрлору бар. Муну менен катар, Алматы шаарында өткөн атайын кастингге катышып, андан өткөн артисттерибиз бар.

Бүгүнкү күндө абдан белгилүү болуп жаткан «Аттар шоусун» туристтер жума, ишемби жана жекшемби күндөрү көрө алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков