Ахсикент: Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан байыркы шаар

Ахсикент: Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан байыркы шаар

Биздин заманга чейин III кылымда негизделген Борбор Азиядагы байыркы шаар туристтердин көңүлүн өзүнө бурган негизги аймактардын катарына кирет. Сырдарыянын оң жээгинде жайгашкан Ахсикентте учурда казуу иштери жүрүп жатат. Изилдөө аяктагандан кийин 30 гектар аянтты ээлеген байыркы шаар ачык асман алдындагы музейге айланат.

Азизбек Абдуалиев, Наманган облусу акимиатынын басма сөз кызматкери:

- Биринчиден, бул шаар Бабурдун ысымы менен тыгыз байланышкан. Анткени, Улуу Монгол империясынын биринчи падышасы 1494-1500-жылдары Фергананын эмири болгон. Ал 12 жашында башкаруучу болгон. Ал шаардын гүлдөп өсүшүнө эбегейсиз салым кошкон. Ошондуктан, чет өлкөлөрдөн, айрыкча Индиядан туристтер келгенде, алгач Ахсикентке, Бабурдун туулуп өскөн жерине алып барууларын суранышат.

Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан Ахсикент Фергана өрөөнүнүн борбору болгон. Байыркы шаарда кол өнөрчүлүк жана соода-сатык абдан өнүккөн. Окумуштуулардын айтымында, Дамасктын белгилүү кылычтары азыркы Сириянын борборунда эмес, чындыгында Ахсикентте жасалган.

Абдулхамит Анарбаев, «Ахсикент» музейинин кызматкери:

- Бул Ахсикент шаарында X кылымда салынган суу түтүгү. Ал болжол менен 300 жылдай тынымсыз иштеген. Мындагы түтүктөр карападан жасалган. Шаардын суу менен камсыздоо тутуму уникалдуу. Түтүк диаметри 90 сантиметр болгон үңкүрдүн ичине курулган.

Негизинен Ахсикент - чеп, шахристан жана рабат сыяктуу үч бөлүктөн турган. 1620-жылы катуу жер титирөө кесепетинен байыркы шаар талкаланып кеткен. Эми тарыхчылардын жана жергиликтүү бийликтин аракети менен эски шаар калыбына келтирилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков