«Өрнөктүү өнөр» чебери

«Өрнөктүү өнөр» чебери

«Өрнөктүү өнөр» чебери. Түркестан шаарынын тургуну Гаухарбек Баянбайулы даракты оюп, мааниси терең композицияларды жаратат. Ал өзүн «өрнөктүү өнөр» менен алектенгенин айтат. Анткени жасаган ар бир чыгармасынын жаштарга тарбиялык мааниси болсо, дейт.

Гаухарбек Баянбайулы, кол өнөр чебери:

- Кичинекей кезимден эле өзүмдү өнөрдүн бардык түрү боюнча сынап көрдүм. Спорт, музыка жана чеберчиликтен дагы. Айылда жүргөндө колуман кичинекей маким түшчү эмес. Карапаны оюп-оюп түргө келтирип койчумун. Ошентип ушул иш менен алектенип калгам. Өз эмгектеримде түрдүү материалдарды колдонгонго аракет кылам. Мурда домбра жасачумун. Бир нече домбра жасап, кийин ушул Түркестанга келгенден бери аталган ишти баштадым.

Чебер бир нерсе жасай баштаганда жаратылыш менен сүйлөшүп, андан кубат алып тураарын айтат. Ал өз эмгектеринин музейде сакталып турушун каалабайт. Анын айтымында, орнөктүү өнөрдүн өзүнүн тили бар. Ал аркылуу казак элинин тарыхын жана салтын жайылтууга болот.

Гаухарбек Баянбайулы, кол өнөр чебери:

- Ар бир эмгектин терең мааниси бар. Мисалы, бир композиция казак элинин тарыхын толук ачып берет. Аны менен катар, менин ар бир эмгегим өзү тууралуу бир нече саат айтып бере алат. Бул өнөрдө бир нече илим камтылган: тарых, философия, маданият жана дин таануу.

Чебердин жакында жарыкка чыккан китебинде өзүнүн алектенген кесиби кеңири баяндалган. Анткени ал өрнөктүү өнөр тууралуу көбүрөөк айтылып, популярдуулугу артышын каалайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков