Ш. Калдаяковдун өмүрү тууралуу мюзиклдин бет ачары

Ш. Калдаяковдун өмүрү тууралуу мюзиклдин бет ачары

Композитор, лирик жана балбан. «Казак вальсынын падышасы» аталган белгилүү Шамши Калдаяковдун көп кырдуу образын борбордук музыкалык театрдын жамааты сахналаштырды. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган спектаклде табышмактуу композитордун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө баяндалат.

АСХАТ МАЕМИРОВ, КОЮЧУ-РЕЖИССЁР, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

 - Албетте, биз анын туулган жеринен баштап, кандайча жарык дүйнөгө келгенин, жеке адам болуп калыптанганынан баштадык. Жаш көрүүчүлөрүбүз биз менен чогуу ырдашын кааладык. Анткени оркестр жандуу үн менен ойнолот. Камералык оркестрдин коштоосунда бардык труппа сахнада жандуу үн менен аткарып, ыр ырдайт. Себеби спектаклдин 85 пайызга жакыны Шамшинин ырлары.

Мадина Омарова жазган мюзиклди труппа 2 айдан ашык убакытта даярдаган. Ал эми режиссёр Шамши Калдаяковдун жашоосунун баскычтарын көрүүчүлөргө толук жеткирүү үчүн атактуу композитордун туулган жерине чейин барып келген. Белгилей кетсек, композитордун чыгармачылык куржунунда 300гө жакын ыр сакталган. Алардын арасындагы эң мыктылары спектакль учурунда сахнада ырдалды.

АЙБОЛАТ ЖАУДЫР, М. ГОРЬКИЙ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ОРУС ДРАМА ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

 - Шамшинин улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө. Себеби, анын ар бир музыкасы, нотасы казактын жүрөгүнөн чыккан. Ошондуктан, ал элдин жүрөгүнө жакын жана түбөлүктүү дүйнө. Шамши атабыздын өзгөчөлүгү да – бир улуттун рухун аспектеген обондорду таба билгенинде деп ойлойм.

Спектаклге билеттердин акысыз таратылышынын да мааниси бар. Премьерага пандемия учурунда катардагы жарандарга жана дарыгерлерге акысыз жардам көрсөткөн - ыктыярчылар атайын чакырылды. Ошентип, чыгарманы аткаруучулар кең пейил жарандарга ыраазычылыктарын билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков