«Астана Операнын» артисттери эл аралык кароо-сынактар менен фестивалдарды жеңип жатат

Театралдык сезон башталганы «Астана Операнын» артисттери эл аралык абройлуу кароо-сынактар менен фестивалдардан 28 сыйлык утту. Эске салсак, карантинге карабай театр чөйрөсүндөгү мыкты наамдар үчүн мелдештер улантылды, алардын бир бөлүгү онлайн-өңүттө өтүп жатат. «Астана Опера» театрынын мүдүрүнүн айтымында, казакстандык артисттер кайрадан өздөрүнүн жогорку кесипкөйлүк деңгээлин тастыкташты. Айтмакчы, сыйлык алгандардын арасында ырчылар менен бирге оркестр музыканттары жана концертмейстерлер дагы бар. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү театрда сегизинчи сезон кызуу өтүүдө. Узак тыныгуудан кийин залдар кайрадан аншлаг чогултуп жатат. Жеңүүчүлөр бөлүшкөн бул ийгиликтер аларды жаңы жетишкендиктерге шыктандырат.   

ГАЛЫМ АХМЕДЬЯРОВ «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН ДИРЕКТОРУ, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

 - Албетте ансыз да иши көп театрдын жашоосун кароо-сынактар менен айкалыштыруу оңой эмес, бирок биздин ырчылар жыл сайын өздөрүнүң жогорку кесипкөй деңгээлин далилдеп келет. Театралдык сезондун экинчи жарымы дагы ушундай жемштүү болот жана классикалык көркөм өнөрдү сүйүүчүлөрдү биздин театрдын артисттеринин жеңиштери жөнүндө көнүл көтөргөн жакшы жаңылыктары менен кубантабыз деп үмүттөнөм.