Нур-Султанда И.Килиандын балетинин бет ачары өтөт

Нур-Султанда И.Килиандын балетинин бет ачары өтөт

Казакстандын борборунда Иржи Килиандын «Алты бий» балетинин бет ачары өтөт. Белгилүү чыгарма - заманбап классиканын шедеври. Балеттин дүйнөлүк бет ачары 37 жыл мурун өтсө да, Казакстанда ал биринчи жолу сунушталат. Сүйлөшүү иштери 4 жыл мурун эле башталган. «Астана Опера» артисттери премьерага чех балетмейстеринин жардамчылары - Ширли Эссебум жана Юст Бигелардын жетекчилиги менен даярданды.

Ширли Эссебум, Иржи Килиандын ассистенти:

- «Астана Опера» артисттери менен иштешүү өтө кызыктуу болду. Техникалык жактан даярдык деңгээли өтө жогору. Партияларды интерпретациялоо жагынан казакстандык аткаруучулар керемет. Бул балет үчүн өтө маанилүү. Чыныгы кесипкөйлөр.

Моцарттын музыкасына коюлган 15 эле мүнөттүк балетте чыныгы сюжет жок. Бирок анда хореографтын 18-кылымга деген комедиялык көз карашы көрсөтүлгөн.

Алтынай Асылмуратова, «Астана Опера» балет труппасынын көркөм жетекчиси:

 - Иржи Килиан - 21-кылымдын мыкты хореографтарынын бири. Ошондуктан анын балетин коюу биз үчүн чоң урмат. Бул комедиялык спектаклди азыркыдай кыйын учурда көрсөтүү өтө маңыздуу деп ойлойм. Ал кабыл алууга өтө жеңил, кыска болгону менен мааниси бар экенин көрөрман оңой эле байкайт деп ишенем.

Бахтияр Адамжан, «Астана Опера» театрынын жетекчи солисти: 

– Эң алгач - бул күлкүлүү. Көрүүчүлөр, биринчиден, жакшылап күлүп, сергип алат деген ойдомун. Андан кийин өздөрү үчүн чечим чыгарышат.

Белгилей кетсек, «Алты бий» балети Гала-балеттин программасынын курамында сунушталат.

Которгон: Диналиана Джунушева