Жаш талант Жандос Мухамединин дирижёрлугу менен симфониялык оркестрдин концерти өттү

Жаш талант Жандос Мухамединин дирижёрлугу менен симфониялык оркестрдин концерти өттү

Жазгы концерт. Дал ушундай аталыш менен өткөн Чыгыш Казакстан облусу симфониялык оркестринин концертине Вена консерваториясынын студенти, эл аралык жана республикалык сынактардын лауреаты Жандос Мухамеди атайын чакырылып, дирижёрлук кылды. Майрамдык кече Джоаккино Россининин атактуу «Севильский цирюльник» чыгармасы менен башталды. Айта кетсек, быйыл симфониялык оркестрдин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Бул белгилүү датаны майрамдоого кызуу даярдыктар башталды, — дейт өнөр жамаатынын башкы дирижёру.

Александр Галсанов, ЧКО акиминин симфониялык оркестринин башкы дирижёру:

Бул биздин облуста дайыма өткөрүлүп туруучу иш-чара. Концерттер өтө сейрек өтүп жатканын билебиз. Эми концерттик сезонду баштап жатабыз. Быйыл Чыгыш Казакстан симфониялык оркестри 20 жылдыгын белгилөөдө. Бул биз үчүн чоң окуя. Биз даярдыктарды баштадык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков