«Астана опера» театры «Жизель» спектаклин көпчүлүккө сунуштады

«Астана опера» театры «Жизель» спектаклин көпчүлүккө сунуштады

«Астана Опера» театрында 180 жылдан ашык убакыттан бери дүйнөлүк аренадан түшпөгөн хореографиянын шедеври «Жизель» балети коюлду. Адольф Адандын белгилүү фантастикалык спектакли жамааттын Эл аралык аялдар күнүнө карата белеги болуп саналат. Спектаклдин балетмейстери «Астана Опера» балет труппасынын көркөм жетекчиси Алтынай Асылмуратова. Балетмейстер үчүн Жизелдин образы өзгөчө. Кезинде ал дүйнөлүк аренада атактуу дыйкандын кызынын ролун да ойногон.

Алтынай Асылмуратова, «Астана Опера» балет труппасынын көркөм жетекчиси:

- «Жизель» жөнүндө эмне айта алам?! Бир сөз менен айтканда, менин сүйүктүү спектаклдеримдин бири. Мыкты шоу. Махабат тууралуу сонун романтикалык балет. Анда кызыктуу драмалык бөлүктөр бар. Жалпысынан менин оюмча, ар бир балерина «Жизель» балетинде бийлегиси келет. Анткени бул партияда профессионалдык жактан өсүүгө болот. Мисалы, эгер сиз аны биринчи жолу 20 жашыңызда бийлеп чыксаңыз, ал башка Жизель болот, кийин турмуштук тажрыйба топтоп, 30 жашыңызда бийлесеңиз ал такыр башка Жизель болот. Бул роль чоң драманы талап кылат. Ар бир балерина ар кандай аткарып чыгат, чындыгында ошондой болушу керек.

Бул жолу Жизель партиясы Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери, «Астана Опера» театрынын алдыңкы солисти Айгерим Бекетаевага берилди.

Айгерим Бекетаева, «Астана Опера» театрынын алдыңкы солисти:

- Бул роль мени менен өсүп, өнүгүп жатат. Бул драмалык спектакль. Анда эмоциянын чоң палитрасы бар. Спектаклден махабат сезиминен баштап, акылсыздыкка чейинки эмоцияларды көрө аласыз. Мен үчүн эң негизгиси – көрүүчүлөр мени менен кошо ыйлап, мен көрсөткөн эмоцияларды сезе алса, бул мен үчүн чоң комплимент, эң жогорку баа болуп саналат. Кыйынчылыгы, мындай эмоцияларды баштан өткөрбөгөнүмдө болду. Мен үчүн акылсыздыктын образын көрсөтүү кыйынга турду. Ошондон улам мен көптөгөн китептерди окуп, мага чейин бул ролду ойногон балет артисттеринин видеолорун карап чыктым. Эң башкысы өзүмө бул ролду кантип аткарып чыга турганым кызык болуп жатат.

Белгилей кетсек, аталган спектаклди Франциянын белгилүү «Mezzо» телеканалы көрсөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков