Алматы облусунун чыгармачылык борборунда 200гө жакын бала билим алууда

Алматы облусунун чыгармачылык борборунда 200гө жакын бала билим алууда

Видео тартып, камера алдында өзүн эркин сезүү, кинематография негиздери менен клип тартуу. Алматы облусунда ачылган чыгармачылык борбордо жаш өнөрпоздор оратордук өнөрдүн негиздерин да үйрөнө алышат. Мында азыркы учурда 200гө жакын бала окуп жатат.

Арай Касен, ийримдин катышуучусу:

- Бул жолду мен өзүмө максат кылып койдум. Ошондуктан мен ал үчүн талыкпай эмгектенем. Албетте, видео монтаждоо көп. Мунун баарын билип, андан ары өнүктүрүп, эң квалификациялуу адис болом деп ойлойм.

Еркин Хамидуллов, чыгармачылык борбордун окутуучусу:

- Компьютерлер, фотоаппараттар бар. Балдарга кандай программаларды жасоо керектигин үйрөтөбүз. Нөлдөн баштап профессионалга чейин үйрөтүүгө аракет кылабыз. Азыркы учурда балдар тарткан видеолор бар. Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн сынакта окуучуларыбыз 2-орунга ээ болушту. Аракет бар. Кызыкчылык көп.

Учурда борбордо 11 ийрим бар. Ага катышуу үчүн борборго барбай эле онлайн режимде арыз таштаса болот. Долбоорду облустук маданият архиви жана документация башкармалыгы каржылайт. Ар бир баланын айына 12 жолу баруу акысын мамлекет төлөп берет.

Гизат Тогамбаев, Саркан районунун тургуну:

- Кызымдын барып баштаганына эки ай убакыт болду. Учурда баары жакшы. Өзүм дагы мугалиммин. Ушундай борборлор көп болушун каалайм. Балдарга моралдык жактан, чыгармачылык жактан пайдалуураак деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков