Берлиналеде казакстандык кинонун бет ачары өттү

Берлиналеде казакстандык кинонун бет ачары өттү

Германияда өткөн 72-Берлинале кинофестивалында казакстандык тасмалар көрсөтүлдү. «Форум» бөлүмүндө Дарежан Өмүрбаевдин «Акын» картинасы көпчүлүктүн назарына сунушталат. «Панорама» программасында режиссёр Аскар Узабаевдин «Бакыт» тасмасы көрсөтүлдү. Ал эми Фархат Шариповдун «Схема» тасмасы «Generation» рубрикасына тандалып алынды. Белгилей кетсек, Берлиналеде 10 күндүн ичинде 69 өлкөдөн 256 картина сунушталат.

Симон, Берлин шаарынын тургуну

- Кинонун премьерасын чоң экрандардан кайра көрүүгө боло турганы абдан жакшы. Тармак пандемиядан катуу жабыркады. Бирок бүт окуяны өз көзүң менен көрүү жакшы эмеспи?! Режиссёрлор бизге кайрадан өз иштерин сунуштай алышат. Бул албетте сонун.

Которгон: Илгиз Жамалбеков