Нур-Султанда «Георгий Свиридов: романстын жаны менен ыры» вокалдык музыка кечеси өттү

Нур-Султанда «Георгий Свиридов: романстын жаны менен ыры» вокалдык музыка кечеси өттү

Классикалык музыка менен поэзияны чеберчилик менен айкалыштырган композитор. «Астана Опера» театрында «Георгий Свиридов: романстын жаны менен ыры» аттуу вокалдык музыка кечеси болуп өттү. Орус композитору 20-кылымдын музыка дүйнөсүндө өзүнүн кайталангыс изин калтырган. Программа Есениндин, Пушкиндин, Лермонтовдун, Блоктун, Исаакяндын ырларына жазылган романстарынан турат. Өнөр сүйүүчүлөр коому бул чыгармалар топтомосун Казакстандын эмгек сиңирген ишмери баритон Азамат Жылтыркөзов менен меццо-сопрано Гүлжанат Сапакованын аткаруусуна күбө болушту. Фортепиано партиясында — Долорес Умбеталиева.

Азамат Жылтыркөзов, «Астана Опера» театрынын опера труппасынын мүдүрү:

- Бул композитордун чыгармаларын аткаруу мага абдан жакын. Анткени мен Георгий Васильевич Свиридов атындагы камералык ырчылардын чеберчилигин сынаган эл аралык сынакка биринчилерден болуп катышып жаткан казакстандыктардын биримин. Бул сынак 2000-жылдардан бери уюштурулуп келет. 2014-жылы 5-эл аралык сынакта баш байгеге ээ болдум. Ошондон бери өзүмдүн концерттеримде чыгармаларын такай аткарып келем. Бүгүнкү концерт толугу менен Георгий Васильевич Свиридовго арналган.

Долорес Үмбеталиева, «Астана Опера» театрынын башкы концертмейстери:

- Георгий Свиридовдун музыкасынын тили өтө татаал, аткаруучулук чеберчилиги да абдан татаал. Чыгарманын маңызын, маанайын угуучулар түшүнүшү үчүн анын баарын профессионалдуу, билгичтик менен жеткире билүү керек. Бул оңой эмес. Ушул жагын эске алган оң. Бизде Свиридовдун чыгармаларына толук концертти арнаганыбыз абдан сейрек кездешкен кубулуш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков