Францияда казак калкынын уламыштары санариптик сүрөттөрдө сунушталды

Францияда казак калкынын уламыштары санариптик сүрөттөрдө сунушталды

Казак элинин уламыштары жана азыркы жашоосу санариптик сүрөттөрдө. Парижде алматылык Жанар Ерлановнанын биринчи жеке экспозициясы ачылды. Сүрөтчү элдин легендарлуу инсандарын жомок дүйнөсүндө иллюстрация стилинде чагылдырган. Ал белгилегендей, ага белгилүү тарыхчы, тилчи Серикбол Кондыбайдын изилдөөлөрү түрткү болгон. Анын ар бир чыгармасы өткөн тарых менен азыркы жашоо образдын кайталангыс айкалышын чагылдырат. Казакстандыктын өнөрү француз коомчулугун кубандырды.

Жания Елубаева, көргөзмөнүн уюштуруучусу:

- Коноктордун көбүнө мифологиялык бөлүгү абдан жакты окшойт. Анткени баарыбыз эле сүрөт көргөндү жакшы көрөбүз. Биз эмнени көргүбүз келсе, ошону байкайбыз. Көрүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн ар бир сүрөттүн мааниси жазылган китепчелер бар. Эл кызыгуу менен келип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков