FORTE TRIO Франция мамлекетине жасаган турнеден кайтты

FORTE TRIO Франция мамлекетине жасаган турнеден кайтты

Казакстандык артисттерди чет элдик өнөр сүйүүчүлөр коому жылуу тосуп алышты. FORTE TRIO командасы Франциянын шаарларын кыдырууну аяктап, мекенине кайтып келишти. Гастролдун жүрүшүндө эски континенттин залдары көрүүчүлөргө жык толуп, бош орундуктар калган эмес. Лион шаарындагы легендарлуу Мольер залында концерттик программа орун алды. Белгилей кетсек, бул атактуу сахнага чыккан алгачкы казакстандык топ.

Мурат Нарбеков, FORTE TRIO солисти:

- Бул экскурсия биздин эсибизде өзгөчө залдары менен эсте калды. Францияда бизди таң калтыра турган башка уникалдуу көрүнүштөр бар экенине ишенем. Деген менен биринчи сапар абдан таасирдүү болду. Маселен, биз концерт койгон Париждеги Корто Холлдун өзгөчөлүгү бар экенин байкадык. Андагы аткаруу такыр башка, аспаптын үнү такыр башкача угулат. Бекеринен Страдивариус залы деп аталбаганын түшүндүк. Биз өзүбүздү бүтүндөй бир аспаптын ичинде жүргөндөй сездик. Сахнанын өзүнүн жан дүйнөсү бар. Бул зал менин жүрөгүмдү багындырып алды. Мына ушул ыйык сахнада өнөр көрсөтүү бакыты буйруганына кубанычтамын.

Чет өлкөдөн сынчыл көрүүчүлөрдүн табитин таба билген ата мекендик өнөрпоздор да классикалык музыканын чеберлеринин жогору баасына татыды. Обондуу программага ыраазы болгон мекендештер музыканын күчү менен мекенине саякатка келгендей сезимдерге бөлөнүштү. Концертте дүйнөлүк искусствонун мыкты чыгармалары менен катар казак композиторлорунун шедевр чыгармалары да аткарылды.

Тимур Орманшиев, FORTE TRIO тобунун көркөм жетекчиси, Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери:

- Биз француз коомчулугунун кызыгуусун эске алууга аракет кылдык. Алар Батыш Европанын классиктерин, Рахманиновдун чыгармаларын угушарын билебиз. Ошондуктан анын №1 триосун аткардык. Алардын өздөрүнө абдан жакын француз музыкасын угууга да мүмкүнчүлүк алдык. Ошондуктан программага Клод Дебюсси чыгармалары кирди. Германия менен чектеш шаарларда концерт коюп, камералык музыканын жаркын үлгүсүнө айланган атактуу композитор Йоганнес Брамстын чыгармаларын киргиздик.

Буга кошумча, казакстандык жылдыз, эл аралык сынактардын лауреаты Шолпан Манкеева да чет элдик көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапты. Бул талант ээсинин FORTE ТРИО курамындагы дебюту.

Шолпан Манкеева, эл аралык сынактардын лауреаты:

- Сизди жаңыча таанып-билүүгө ушундай мүмкүнчүлүк болгонуна кубанычтамын. Анткени ар бир залдын өзүнүн акустикасы, кайталангыс касиеттери бар. Мен жаңы үндөрдүн жана аткаруунун башка стилдерине күбө болдум. Андан сырткары француз көрүүчүлөрү бизди жылуу тосуп алып, кол чаап жатышты. Ошондуктан мына ушулардын бардыгы бизди өз өнөрлөрүбүздү мүмкүн болушунча толук көрсөтүүгө шыктандырды.

Казакстандын көркөм чыгармачылык жамаатынын гастролун жыйынтыктаган программа Франциядагы концерттик сезондун аякташына туш келди. Мындан сырткары, аталган турне Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын эң маанилүү окуяларынын бири болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков