Брюсселде Хива маданият күндөрү өттү

Брюсселде Хива маданият күндөрү өттү

Брюсселде Хива маданиятынын күндөрү өттү. Европалыктар түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун тарыхы, каада-салты, кооз жерлери, музыкасы жана ашканасы менен тааныштырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө Түрк дүйнөсүнүн 2020-жылдагы маданий борбору Хивадан алган таасирлери аттуу көргөзмөнүн ачылыш аземи да уюштурулду. Бул жерде Өзбекстандын байыркы шаарынын сүрөттөрү сунушталган.

Дүйсен Касейінов, «ТҮРКСОЙ» эл аралык уюмунун баш катчысы:

- Эмне үчүн биз бүгүн Брюсселдебиз? Тарыхый шаарларыбызды Европанын маданий борборлору менен тааныштырып, жакындатууну, алар менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү каалайбыз. Бүгүнкү күндө биз үчүн бул шаарларды жакындатуу, бири-бири менен тааныштыруу, туристтердин санын көбөйтүү, маданий байланыштарды чыңдоо башкы максат. Мына ушул максатты өзүбүз, депутаттар, бүгүнкү жыйында айтып жатабыз. Бул иш-чараларды 2022-жылы биргелешип ишке ашырабыз. Түркестан түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп аталды. Ошондуктан мен бул Евробиримдиктин депутаттарына Түркестан күндөрүн Европа түрүндө өткөрүүнү сунуштадым. Ага даярдыктарды бүгүнтөн баштап жарыялайбыз.

Маданий иш-чаралардын жүрүшүндө 2022-жылы түрк дүйнөсүнүн кийинки маданий борбору Бурса болоору айтылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков