AMRE Азия ырларынын эң ири фестивалында Казакстандын намысын коргойт

АMRE каймана аты менен белгилүү болгон «Славян базарынын» жеңүүчүсү Ернар Садырбаев ABU TV Song Festival-да Казакстанды тааныштырды. Белгилей кетсек, быйыл эл аралык телефестиваль онлайн режимде өттү. Ага 12 өлкөнүн өнөрпоздору катышты. АMREнин фестивалга катышуусуна Азия-Тынч океан телерадиоберүү биримдигине кирген «Хабар» медиа холдинги колдоо көрсөткөн. Фестивалда казак ырчысынын «Өмүр – деңиз» аттуу ыры тартууланды. Анын клиби Алматы облусунун Чарын капчыгайында тартылган. Клип өзгөчө жана терең мааниге бай, дейт режиссёр.

Галымжан Баязитов, режиссёр:

- АMREнин аткаруусундагы «Өмүр - деңиз» аттуу ырына клип тарттык. Бул тандоо менен биз Казакстандын кооздугун, ошондой эле, философиялык көз карашыбызды көрсөтүүнү жөн көрдүк. Клипте ар адамдын өз көйгөйлөрү бар экенин жана алардын баары убактылуу экенин көрсөткүбүз келди. Мисалы, кыйынчылыктарды чогуу жеңип, карантинден кийин кадимки жашоого кайтуудабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков