Нур-Султанда «Өзгөрүүлөр мезгили» аттуу көргөзмө ачылды

Нур-Султанда «Өзгөрүүлөр мезгили» аттуу көргөзмө ачылды

Борбор калаада ачылган «Өзгөрүүлөр мезгили» көргөзмөсүнө жаш сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгеги коюлду. Белгилей кетсек, иш-чара өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулууда. Көргөзмө өзүнүн жанрдык көп түрдүүлүгү, сүрөтчүлөр колдонгон материалдардын ар тараптуулугу, анын ичинде жөнөкөйдөн татаалга чейин камтылганы менен өзгөчөлөнөт. Колдонулган материалдардын катарында май, кагаз, кездеме, темир, зым жана башка да фурнитуралар бар. Уюштуруучулардын айтымында, авторлор тартуулаган эмгектердин ар бири эркиндикке жана индивидуалдыкка толгон. Алардын пикиринде, дал ушул касиеттер эгемендик доорунда жарык дүйнөгө келген жаш сүрөтчүлөрдүн сапаттары.

Гүлбану Журкабаева, Нур-Султан шаарынын Жаш сүрөтчүлөр биримдигинин төрайымы:

- Искусство, жалпы картиналар - бул санжыра, тарых. Авторлор өз сүрөттөрүн тарткан мезгилде кандай сезимдерди өткөрүп жатканын сүрөттөшөт. Тактап айтканда, алар өлкөдө болуп өткөн бардык окуяларга, түрдүү темадагы ой-пикирлерин көркөм өнөр аркылуу билдиришет. Муну менен алар көрүүчүлөргө эмнени айткысы келгенин жеткиришет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков