Дүйнө сахнасын багындырган Бахтияр Адамжан

Дүйнө сахнасын багындырган Бахтияр Адамжан

Казакстандык балет артисти Бахтияр Адамжан Рим операсы жана Арена-ди-Верона сахнасында өнөр көрсөтүп, италиялык көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырды. «Астана Опера» театрынын алдыңкы солисти, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери бүгүнкү күндө чет өлкөдө жакшы белгилүү. Чет элдик басылмалар балет бийчиси болгон казакстандык тууралуу жазып, анын өнөрүн жогору баалашты. 15 миң көрүүчү бата турган Арена-ди-Верона амфитеатрынын атмосферасы өзгөчө, дейт ал.

Бахтияр Адамжан, «Астана Опера» театрынын жетекчи солисти:

Көптөгөн чакыруулар болуп жатты, бирок алардын баары жокко чыгарылып, башка күнгө которула берди. Бирок биз бугу айында баштаганбыз. Алгач коңшу Орусия мамлекетине барып келдим. Андан кийин көптөн күткөн Италияга да жеттик. Рим шаарына бардым. Ага чейин гастролдук сапарды Италияны кыдыруу менен баштадык. Ал ошол жактагы атактуу Ла Скаланын этуалы Роберто Болленин «Роберто Болле жана анын достору» деген чоң кечеси болду. Чоң фестивалдын аякталышы ушундай балет менен коштолду.

Веронадагы фестивалдан кийин ата мекендик балет артисти аяк оона айынын 14, 15, 16 күндөрү италиялык көрүүчүлөр менен жолугушту. Ал жерде белгилүү хореограф Ролан Петинин «Кудай Эне собору» спектаклинин Рим операсындагы бет ачарында Квазимодо партиясын тааныштырган. Европада казак балетинин деңгээлин көрсөткөн Бахтияр Адамжан ата мекендик көрүүчүлөрдү сагынганын айтат.

Бахтияр Адамжан, «Астана Опера» театрынын жетекчи солисти:

Мен үчүн бүгүнкү күндө көп иштер бүттү. Мен Рим шаарына абдан мыкты даярдандым. Эми 1-2 айдай Астана Опера театрына көңүл бурушум керек. Бештин айында мени Ямайкага чакырышкан. Бирок аларга «жок» деп айтууга туура келди. Анткени быйыл 30 жылдык маараке. Казакстандын Эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Менимче, бул чоң майрам болчудай. Мындай жакшылыкта мен өз өлкөмдө болушум керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков