Орус драма театрларынын эл аралык фестивалы

Орус драма театрларынын эл аралык фестивалы

Көкшетауда орус драма театрларынын эл аралык фестивалы өтүүдө. Өлкөдөн тышкары быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүп жаткан иш-чарага коңшу Орусия менен Кыргызстандан жалпысынан 13 театр жамааты келди. Алар беш күн бою Көкшетауда өнөр тартуулашат. Сынакты дүйнөгө белгилүү театр сынчылары жана театр таануучулары баалашат. Быйылкы искусство сынагынын өзгөчөлүгү бул жылы биринчи жолу лабораториялык багытта өткөрүлүп жатат. Башкача айтканда, сахнадагы аткарууну баалоодон тышкары, калыстар аларга үйрөтүшөт. Иш-чаранын максаты - тажрыйба алмашуу, - дешет уюштуруучулар. Белгилей кетсек, фестиваль бүгүн аяктайт.

Бейбит Бахтыгереев, уюштуруу тобунун мүчөсү:

- Пандемияга байланыштуу фестивалга катышууну каалаган көптөгөн театрлар келе алышкан жок. Көрүүчүлөр да көп келгиси келет. Бирок, карантинге байланыштуу, биз алардын бардыгын бирдей кабыл ала албайбыз. Мунун баары бир жарым жылдык тыныгуудан келип чыккан сагынычты билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков