«Астана Опера» театрында премьера: «Жашыруун нике» операсы

«Астана Опера» театрында премьера: «Жашыруун нике» операсы

«Астана Опера» театрында кезектеги премьера. Борбордо биринчи жолу Доминико Чимарозонун «Жашыруун нике» операсы коюлат. Чыгарманы коюучулар аны көрүүчүлөргө өзгөчө кылып жеткирүүгө көңүл бурушкан. Бул айрыкча сахнанын жасалгасына тиешелүү. Таасирдүү пейзаждар калейдоскопко негизделген. Ошондой эле, алп жасалма чач үлгүлөрү көпчүлүктүн көңүлүнө жагышы керек, дешет адистер. Жалпысынан алганда, спектакль өткөн доорго саякат жасайт. Кечелерди Талгат Галеев, Алтынбек Абильда, Евгений Чайников, Ержан Саипов, Асем Сембина, Салтанат Ахметова сыяктуу өнөр борборунун сахна жылдыздары аткарат. Алардын айтымында, бул жолу белгилүү спектаклдер башка жагынан кеңири таанылып, жаңы стилде тартууланат.

Абзал Мухитдин, коюучу дирижёр:

- Бул жерде чоң партиялар жок. Спектаклде бардыгы башкы бөлүк. Ал буга чейин коюлган Жибек тепкич жана Дон Паскуале сыяктуу мурунку моделдерден айырмаланат. Бул биринчиден, чоң көлөмдөгү ансамблдер. Алар музыкалык жагынан спектаклди бир топ өзгөртүшөт.

Алла Симонишвили, коюучу режиссер:

- Бул абдан реалдуу жана кызыктуу шоу. Актёрлор профессионалдык чеберчиликтерин көрсөтө алышты. Алар чынында ырчылар эле эмес, тажрыйбалуу актёрлор. Бул өзгөчө комедиялык чыгармаларда маанилүү. Алар өз ишин кынтыксыз аткарышат. Ойногон каармандардын образын жакшы аткара билет. Негизгиси - аны аудиторияга жеткирүү. Мунун баарына театрдын коноктору күбө болот деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков