Казакстанда алгачкы театрдык стриминг кызматы ишке кошулду

Netflix, HBO max жана Disney. «Астана Балет» театры келечекти ушундай ири аянтчалар менен бирге элестетет. Эми көрүүчүлөр спектакль бет ачарлары үчүн атайын театрга барбай туруп эле, үйдөн «AB Media» аттуу өлкөдөгү алгачкы театралдаштырылган стриминг кызматы аркылуу көрө алышат. Жаңы аянтты «Астана Балет» театрынын жамааты тартуулады. Театр мүдүрүнүн айтымында, глобалдык пандемиянын кесепеттери көрүүчүлөр менен байланышта болуунун ар кандай жолдорун издөөгө түрткү берди. Белгилей кетсек, жаңы стриминг платформанын өзгөчөлүгү - стандарттуу толук форматтагы концерт, спектакль жана документалдуу фильмдерден тышкары, атайын 360 градус форматында тартылат.

АЛЕКСАНДР СОВОСТЬЯНОВ, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бул долбоордун идеясы жалган куран айында пайда болду. Азыр бештин айы. Башкача айтканда, биз аны 8 ай бою даярдадык. Ар кандай техникалык кыйынчылыктар пайда болду, ошондой эле атайын жабдууларды алдырууда өзүнүн тоскоолдуктары болду. Анткени өзүңүздөр билгендей чек ара жабык болчу. Мындан тышкары, балеттин жалпы түзүлүшү да  өзгөрдү. Башкача айтканда, 360 форматында өнөрпоз көрүүчүлөргө эмес, айланма камеранын бир чекитинде иштейт. Ошондуктан балеттин хореографиясы дагы, декорациясы дагы өзгөрүүгө дуушар болду. Албетте, мунун бардыгы убакытты талап кылды. Бул коючу режиссёрлор жана жалпы техникалык кызматкерлер үчүн чоң жана оор жумуш болду.

360 форматында тартылган спектаклдердин катарында учурда «Астана Балет» театрынын репертуарындагы «Күлше кыз» жана «Желтораңгы тууралуу легенда» балеттери бар. Өз кезегинде театр жетекчилиги ай сайын жаңы форматта жаңы спектакль тартылып, аянтчага кошуларын убада кылышты.