Астана Опера эл аралык опера академиясына талапкерлерди кабыл алуунун экинчи этабы башталат

Астана Опера эл аралык опера академиясына талапкерлерди кабыл алуунун экинчи этабы башталат

«Астана Опера» мамлекеттик опера жана балет театры эл аралык деңгээлдеги опера академиясын түздү. Бүгүн студенттерди кабыл алуунун биринчи этабы аяктады. Угуулардын биринчи бөлүгү онлайн режиминде өттү. Ал эми жакынкы күндөрү Италия, Израиль, Орусия, Беларус, Кыргызстан жана Казакстандан тандалган жаш таланттуу ырчылар жандуу Форматта угуунун экинчи этабынан өтүшөт.

Тимур Урманчеев, Astana Opera эл аралык опера академиясынын көркөм жетекчиси:

- Экинчи этаптын башталышына бир жумага жетпеген убакыт калды. Убакыттын өтүшү менен биздин сынактын өзүнүн интригасы пайда болууда. Угуу Астана Опера театрынын Камералык залында өтөт. Камералык жанр дагы экинчи турда сунушталат. Бул этап өзгөчө, анткени биз катышуучулар менен жеке танышабыз. Ырчылардын талантын жаңыча ачууга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Андыктан биз бул жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Аяк оона айынын 28-29у боло турган бул мезгилде вокалисттер ар кандай мүнөздөгү эки арияны аткарышат. Калыстар тобунун тандоосу боюнча биринчиси репертуар тизмесинен алынса, экинчиси камералык чыгарма болот. Үчүнчү финалдык бөлүк тогуздун айынын 1не белгиленген. Ушул эле күнү Астана Опера эл аралык опера академиясында билим алып жаткан мыкты ырчылардын ысымдары белгилүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков