«Астана Опера» театрынын камералык залына Күлаш Байсейитованын ысымы берилди

«Астана Опера» театрынын камералык залына Күлаш Байсейитованын ысымы берилди

«Астана Опера» театрынын Камералык залына аты алыска тараган, легендарлуу казак ырчысы Куляш Байсейитованын ысымы ыйгарылат. Белгилей кетсек, бул зал - көптөгөн аткаруучулар концерт коюуга умтулган өлкөнүн беделдүү концерттик аянтчасы болуп саналат. Айтылуу күнгө карата «Казак булбулу» аттуу иш-чара уюштурулду. Салтанаттуу аземге өлкөнүн белгилүү өнөрпоздору жана ар кандай эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү чогулат. Муну менен катар, Күлаш Байсейитованын жеке архивиндеринен алынган сүрөттөрдүн жана ыраазычылык каттардын бир нече нускасы коюлган көргөзмөсү ачылат. Баалуу экспонаттарды театрдын көркөм галереясына белгилүү ырчынын кызы тапшырды.

Карлыгаш Байсеитова, Күлаш Байсейітованын кызы:

- Биз жай бою сапарга чыгып, Москвага, Киевге жана Ленинград сыяктуу шаарларды аралачубуз. Апабыз Грузиянын Палиашвили атындлагы театрга «Даиси» операсына чакыртуу алды. Ал жерде Маро ариясын казак тилинде ырдаган. Ал эми башка артисттер партияларын грузин тилинде аткарышты. Ошол учурда ал колдору титиреп, абдан толкунданганын айтты. Апам абдан жөнөкөй адам болчу. Мен баардыгы апамдай ак көңүл жана жөнөкөй болушун каалайм. Көрүүчүлөр анын өнөрүн уюп угушчу.

Белгилей кетсек, Күлаш Байсейитова 24 жашында кеңири таанылып, Советтер Союзунун Эл артисти наамын алган. Казак булбулунун аты жана таланты бүт дүйнөгө тарап, көпчүлүктүн көңүлүнөн чыккан. Анын аты дагы эле эл оозунда. Бүгүнкү күндө легендарлуу ырчынын урматына арналган чыгармалар дүйнөлүк аренада аткарылып жүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков