«Талаа үнү» - Астана Опера театрында жаңы премьера

«Талаа үнү» -  казакстандык жана чет элдик коюучу топтордун биргелешкен эмгеги. «Астана Опера» театры улуттук балеттин премьерасын борбор калаанын көрүүчүлөрүнө тартуулады. Жаңы спектакль масштабдуу жана таң калаарлык. Ал элдик бийдин салттуу элементтери менен кооз хореографиянын айкалышын, белгилүү чет элдик коюучу Патрик Де Бананын идеясын камтыйт. Балетмейстердин пикиринде, улуу талаанын сырларына жан дүйнөң менен кирип кетүүгө спектаклди толугу менен коштогон Тлес Кажгалиевдин музыкасы мүмкүнчүлүк берет. Ал эми сахнанын жасалгасына келе турган болсок, улуттук балеттин өзгөчөлүгү менен кооздугун көрсөтүү үчүн мында бардыгы минимализм стилинде жасалган.

ПАТРИК ДЕ БАНА, КОЮУЧУ ХОРЕОГРАФ:

- Шамал, кар, мейкиндик, жаратылыш, жаныбарлар жана рух. Мунун бардыгын сиздер дал ушул спектаклден көрө аласыз. Мага Астана Опера балет труппасы менен биргеликте иштөө аябай жакты. Жумуштун жүрүшүнөн укмуштуудай ырахат алдым. Себеби, мен абдан сонун адамдар менен тааныштым, ошондой эле, сонун балет артисттери, абдан таланттуу бийчилер менен иштешип, даярдык жүрүшүнүн  ар бир күнү жана ар бир мүнөтүнөн ырахат алдым.