Казакстандын мунай тейлөө компаниялары Азербайжан жана Орусия рынокторуна кирүүнү мерчемдөөдө

Казакстандын мунай тейлөө компаниялары Азербайжан жана Орусия рынокторуна кирүүнү мерчемдөөдө

Казакстандык мунай кендерин тейлөөчү компаниялар тышкы базарларга чыгууну мерчемдөөдө. Биринчи кезекте алар Орусия жана Азербайжанга кызматташууну сунуш кылууну көздөп жатышат. Бул тууралуу өткөн жылкы мунай кендерин тейлөө тармагын өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча брифинг учурунда Казакстандын мунай тейлөө компаниялары биримдигинин президиумунун төрагасы Рашид Жаксылыков билдирди. Анын айтымында, бул максатта Орусиянын жана Азербайжандын өкүлчүлүктөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле, баяндамачы 10 миңге жакын казакстандык иштеп жаткан чет жактагы ата мекендик адистерге болгон суроо-талап чоң экендигин белгиледи.

Рашид Жаксылыков, «Kazservice» мунай тейлөө компаниялары биримдиги президиумунун төрагасы:

- Орусиялык өндүрүүчү компаниялары тарабынан казакстандык квалификациялуу кадрларга суроо-талап чоң. Чет элдик тарифтер жана келишимдер биздин казакстандыктарга караганда кымбатыраак. Биз өзүбүз башка өлкөлөргө Казакстандагы инвесторлор аркылуу барып, экспорттоого аракет кылабыз жана ийгиликке жетишебиз. Бүгүнкү күндө 10 миң казак жараны чет элдик долбоорлордо иштеп жатышат.

Серепчилердин айтымында, Орусиянын төрт ири кардар компаниялары менен жигердүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өлкө буга чейин бир катар казакстандык мунай кендерин тейлөө компанияларын камтышы мүмкүн болгон беш артыкчылыктуу долбоорго кызыгуучулук билдирген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков