Мажилисте ишкерлерди колдоону көздөгөн мыйзам долбоору кабыл алынды

Мажилисте ишкерлерди колдоону көздөгөн мыйзам долбоору кабыл алынды

Мажилис депутаттары «ЕАЭБдин товар белгилери, кызмат көрсөтүү белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун кабыл алды. Макулдашууда товарларды укуктук коргоо жана тиешелүү өтүнмөлөрдү кароо учурунда улуттук патенттик мекемелердин өз ара аракеттенүүсүнүн жол-жобосу каралган.

Документ биринчи кезекте иш кагаздарынан арылууга багытталган. Бул тутумдун артыкчылыгы - бардык мүчө мамлекеттердин аймагында бир эле мезгилде коопсуздук документин алууга болот. Ошондой эле, бир гана арыз берүү аркылуу Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин өлкөлөрүндө артыкчылык күндү белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет. Макулдашуу улуттук товар белгилери ээлеринин укуктарын чектебейт, аны менен бирге, евразиялык рынокко багытталган ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт, дешет адистер. 

Марат Бекетаев, Казакстан республикасынын юстиция министри:

 - Көрсөтүлгөн объектилерди каттоонун аймактык тутумун киргизүү ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган. Бул системанын артыкчылыгы - коопсуздук документин бир эле мезгилде беш мамлекеттин аймагында алуу мүмкүнчүлүгү. Өнөр жай менчик обьектилерине карата тийиштүү коргоону алуу үчүн маанилүү факторлордун бири - өтүнмөнүн артыкчылыктуу датасы болуп саналат. Бул тутум бир өтүнмө берүү менен беш мамлекетте бир артыкчылыктуу күндү белгилөөгө мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков