Казакстандын агроөнөр жай комплексинин дарамети

Казакстандын агроөнөр жай комплексинин дарамети

Казакстанда алдыдагы 5 жылда агроөнөр жай комплекси жаатында жалпы наркы 4 триллион теңгеден ашкан 380 долбоор ишке ашырылат. Анын 65 пайыздан көбү импортту алмаштырууга жумшалат. Алар этап-этабы менен жылына орто эсеп менен 80 долбоордон ишке берилет. Бул жаатта тармактын экспорттук дараметин жогорулатуу, анын ичинде тоют аянтчалары, репродукторлор, күнөсканалар, ошондой эле, өсүмдүк чарбачылыгы өнүмдөрүн кайра иштетүү боюнча бир катар демилгелер колго алынат. Жыйынтыгында, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулап, айыл жергесинде 500 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында айтылды.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

 - Көрүлгөн чаралардын натыйжасында агроөнөр жай комплексинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн 2,5 эсеге жогорулатуу жана 70% кайра иштетилген өнүмдү экспорттоону эки эсе көбөйтүү мерчемделип жатат. Мындан тышкары, жалпы айыл чарбачылыгы өнүмүнүн көлөмүн 1,3 эсеге көбөйтүү керек. Бул жаатта, 2023-жылга карата ички рынокту социалдык мааниси бар негизги азык-түлүк товарлары боюнча ата мекендик өнүмдөр менен 100% камсыздандыруу болот. Биздин башкы максатыбыз - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

Ошондой эле, өкмөт башчысы быйыл агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча улуттук долбоор кабыл алынарын айтты. Долбоордун алкагында айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, субсидия тутумун өркүндөтүү, айыл жериндеги кооперацияны стимулдаштыруу, ветеринардык, фитосанитардык кызматтарды жана айыл чарба илимин өнүктүрүү боюнча 7 ири экосистеманы түзүү көздөлгөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков