Дизель отунунун лимиттери бекитилет

Дизель отунунун лимиттери бекитилет

Жыл сайын оруп-жыюу убагы көпчүлүктү түйшөлтөт. Быйылкы күзгү айдап-себүү маалында дизель отунунун баасы көтөрүлөбү? Энергетика министрлиги алып-сатаарлыктын алдын алуу жана тартыштыкка жол бербөө үчүн атайын долбоор иштеп чыккан. Ага ылайык, баа жашаган жерине, керектөө көлөмүнө жана унаанын түрүнө жараша дифференцияланат. Башкача айтканда, өлкө жарандары үчүн айдоочулук күбөлүгү болгон шартта, лимит - 100 литр дизель отуну үчүн учурдагы баа менен 230-260 теңге. Ошондой эле, жүк ташуучу унаа үчүн айдоочунун күбөлүгү жана унаанын Казакстандын аймагында катталганын тастыктаган документтери болгон учурда чектөө 300 литр болот. Ал эми транзиттик унаалар үчүн чөнтөк акча алынат. Көрсөтүлгөн көлөмдөн ашык сатып ала тургандар болсо литри 450 теңгеден сатылат. Бул процедураны аяк оона айынын 20сынан баштап ишке ашыруу көздөлгөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков