Казакстанда турак жайдын баасы кымбаттады

Казакстанда турак жайдын баасы кымбаттады

Казакстанда турак-жай баасы кымбаттады. Мында бир чарчы метрдин баасы эле эмес, батирдин ижара акысы да көтөрүлдү. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, ушул жылдын тогуздун айында жаңы үйлөрдүн баасы эки пайызга, ал эми эски үйлөрдүн баасы 1,2 пайызга өскөн. Жакшыртылган турак-жайды ижарага алууда да өзгөрүштөр байкала баштады. Соңку бир ай ичинде алар 0,9% өстү. Улуттук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, өлкөдө жаңы турак жайдын чарчы метринин орточо баасы 352 654 теңгеге, ал эми эскилери 279 216 теңгеге бааланууда. Ал эми батирди ижарага алуу боюнча бир чарчы метрдин акысы 1888 теңгени түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков