Казакстандыктар наркы 30 миллиард теңгеге өнүм өндүрдү

Казакстандыктар наркы 30 миллиард теңгеге  өнүм өндүрдү

Казакстандын үй чарбалары 2022-жылдын биринчи кварталында 30 миллиард теңгеге жакын өнүм өндүргөн. Басымдуу көбү нан бышыруу менен алектенишкен. Мисалы, үч айда 9 миллиард теңгенин өнүмдөрү даярдалды. Аларды өндүрүү боюнча алдыңкы үчтүккө нан жана ундан жасалган кондитердик, каймак жана башка сүт азыктары кирет. Ошондой эле, казакстандыктар базарга 3 миллиард теңгеден ашык май, колбаса жана эт азыктарын сунушташты. Жалпы наркы - 2 миллиард теңгеге жакын. Аймактар ​​арасында Алматы облусунун чарбалары эң көп товар өндүргөн. Андан кийин Түркстан жана Павлодар келет. Бул тизменин аягында Маңгыстау облусу турат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков