Кийим жана бут кийимдин баасы бир жылда 10%га кымбаттады

Кийим жана бут кийимдин баасы бир жылда 10%га кымбаттады

Жыл ичинде Казакстанда кийим-кече жана бут кийимдери 10% кымбаттады. Кулжа айында бул көрсөткүч дээрлик 1,5%га өскөн. Товарлардын наркы Түндүк Казакстан, Маңгыстау жана Кызылорда облустарында жогорулаган. Баалардын эң аз өсүшү Алматы жана Чыгыш Казакстанда катталды. Көз карандысыз каржы талдоочу Андрей Чеботарёвдин айтымында, нарктын өсүшүнө бир нече факторлор таасир этет. Алардын бири - пандемиянын узакка созулуп кетиши. Коронавирус жылдарында өлкөлөр өз жарандарына жардам берүү үчүн жетиштүү акча басып чыгарышкан.

Андрей Чеботарёв, көз карандысыз каржы серепчи:

- Бул табигый себеп. Табигый эмеси - логистикалык камсыздоодо үзгүлтүккө учураган аскердик конфликт болуп саналат. Жылдар бою иштеген нерсе токтоп калды. Өндүрүүчүлөр товарларды жеткирүүнүн жаңы жолдорун издөөлөрү керек. Бул көбүнчө кымбатыраак каттамдар. Мындан тышкары, албетте, импортко көз карандыбыз - бул өзгөчө колдонгон бардык нерсеге тиешелүү. Биз аны өндүрбөйбүз. Электроника, ноутбук дегендер доллар менен импорттолот. Ал эми теңге арзандап, баалар көтөрүлдү.

Өлкөнүн жашоочулары баалардын мындан аркы жогорулашын күтүшү керек, анткени инфляциялык өсүш азыр көптөгөн мамлекеттерде байкалууда. Бирок, жакынкы келечекте дүйнөлүк экономика дагы бир соккуга кабылбаса, бир жарым жылдан кийин абал оңолуп кетиши мүмкүн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков