Казакстанда кайра жанма энергия өндүрүү бир жылда 14,6%га өстү

Казакстанда кайра жанма энергия өндүрүү бир жылда 14,6%га өстү

Казакстанда кайра жанма электр энергиясын өндүрүү 14,6 пайызга өстү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча өлкөдө жашыл энергия булактарынан 933 миллион кВт/саат электр энергиясы алынган. Анын жарымынан көбү шамал электр станцияларында өндүрүлгөн. Калган бөлүгү күн, кичи суу станциялары жана биостанцияларга таандык - деп билдирет finprom.kz. Азыркы учурдагы көрсөткүч республика боюнча өндүрүлгөн электр энергиясынын жалпы көлөмүнүн 3 пайызын гана түзөт. 2030-жылы бул көлөмдү 15 пайызга жеткирүү көздөөлүүдө. Казакстан тармактагы электр энергиясын өндүрүүнүн көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөлүк рейтингде 33-орунда турат. Жашыл энергия өндүрүү боюнча алдыңкы үчтүктү Норвегия, Бразилия жана Жаңы Зеландия толуктайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков