Кулжа айында тенге курсу 13,3%га алсырады

Кулжа айында тенге курсу 13,3%га алсырады

1 доллар 470 теңгеге барабар. Бул кулжа айынын жыйынтыгы боюнча улуттук валютанын курсунун деңгээли. Казакстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, ал 13% дан ашыгыраак алсырады.

Энергия алып жүрүүчүлөрдүн жагымдуу баасына карабастан, улуттук валюта баасы чектелүү жана бир эле мезгилде валютага делген суроо-талаптын өсүшүнүн аркасында улуттук валютанын курсу алсыраган. Валюта сунуштоонун төмөндөшү - экспорттоочулар тарабынан салык төлөө үчүн аны сатууну кыскартуу менен, ал эми суроо-талаптын өсүшү дивиденддерди төлөөнүн башталышы менен шартталган.

Белгилей кетсек, кулжа айында Улуттук банк валюталык интервенция жасаган эмес. Жакынкы убакытта теңгенин кубулушу геосаясий кырдаалдын өзгөрүшүнө, ички катышуучулардын күтүүсүнө жана дүйнөлүк рыноктордогу абалга байланыштуу болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков