Казакстанда инфляция 13-15% деңгээлинде болот

Казакстанда инфляция 13-15% деңгээлинде болот

2022-жылдын аягында инфляция 13-15 пайыз деңгээлинде болот. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Галымжан Пирманов Сенаттын жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай болжолдоо инфляцияны көзөмөлдөө жана азайтуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралардын комплексин ишке ашырууну эске алуу менен жасалды. Айта кетсек, буга чейин Улуттук экономика министри Алибек Куантыров акыркы алты жылда биринчи жолу инфляция 13 пайыздан ашканын билдирген. Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы өкмөт жергиликтүү аткаруу органдары менен биргеликте инфляцияны көзөмөлдөө жана төмөндөтүү боюнча чаралардын жаңыланган комплексин ишке ашырууга киришкенин билдирди.

Галымжан Пирманов, Улуттук банктын төрагасы:

- Быйылкы инфляциялык басым геосаясий каатчылык башталгандан кийин күчөгөн, андан кийин бирдин айы-жалган куран айларында теңгенин курсунун алсырашы жана жогорку белгисиздиктен улам ашыкча керектөө активдүүлүгү байкалды. Натыйжада инфляция бирдин айындагы 8,7%дан бугу айында 14%га чейин өстү. Жыл сайын 19%га жеткен азык-түлүк бааларынын өсүшү да чоң салым кошууда. Инфляцияга каршы саясатты күчөтүү үчүн өкмөт 2022-2024-жылдарга инфляциянын такталган деңгээлин көзөмөлдөө жана төмөндөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда.

Ошондой эле, Улуттук банктын төрагасы Казакстандын экономикасы 2021-жылы 4 пайыздан ашык өсүп, пандемияга чейинки абалга кайтып келээрин билдирди.

 

  

Которгон: Илгиз Жамалбеков