Казакстан экономикасы соңку 5 айда 4,6 пайызга өстү

Казакстан экономикасы соңку 5 айда 4,6 пайызга өстү

Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-бугу айларында өлкөнүн экономикасынын өсүшү 4,6 пайызга чейин өстү. Атап айтканда, соода, курулуш, транспорт жана кампа, маалымат жана байланыш, өндүрүш, тоо-кен, суу менен камсыздоо жана айыл чарба тармактарында өсүш байкалууда. Бул тууралуу Улуттук экономика министри өкмөт жыйынында билдирди. Алибек Куантыровдун айтымында, аймактар ​​арасында эң жогорку көрсөткүчтөр Шымкент жана Алматы шаарларында, ошондой эле Акмола облусунда байкалат.

Алибек Куантыров, Казакстандын улуттук экономика министри:

- Негизги тенденцияларга ылайык, реалдуу сектордо туруктуу динамика, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүүнүн тездеши, экспорттун жогорку өсүшү байкалууда. Реалдуу сектордо өсүш 4,8%ды түздү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишкердик активдүүлүк 3,9%га чейин жогорулады.

Алихан Смаилов инфляцияны ооздуктоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды

Өз кезегинде Премьер-министр Алихан Смаилов аймактардагы алгылыктуу жыйынтыктарга жооптуу мамлекеттик органдар менен акимдер мындан ары да бул темпти сактап калуусу керектигин айтты. Ал үчүн экономиканы ар тараптандыруу, инвестиция тартуу жана жаңы туруктуу жумуш орундарын түзүү зарыл.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Бугу айынын аягында өлкөдө жылдык инфляция 14 пайызды түздү. Анын ичинде азык-түлүк инфляциясынын деңгээли 19 пайызга жетти. Бул биринчи кезекте азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын өсүшүнө байланыштуу болуп жатат. Мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери жана акимдер инфляцияны ооздуктоо боюнча иштерди күчөтүп, натыйжалуу чараларды көрүүгө тийиш.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков