Сенатта Орусиянын туунду банктарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берилди

Сенатта Орусиянын туунду банктарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берилди

Казакстандагы  орус банктарынын жабылышы боюнча тынчсызданууга негиз жок. Бул маселе боюнча Сенаттын пленардык жыйынында каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы  Мадина Абылкасымова комментарий берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Орусиянын туунду банктарында жеке жана юридикалык жактардын 500 миллиард теңгеге жакын депозиттери сакталып турат. Мындан тышкары, банктардын 1,7 триллион теңгеге жакын насыялык портфели бар. Бул каражат болжол менен 590 миллиард теңгени түзөт. Ошентип, мекеме жетекчиси банктар төлөм жүргүзүүгө, жеке жана юридикалык жактардын алдындагы милдеттенмелери толугу менен жабылат, ошондой эле банктардын туруксуздугу тууралуу маселе  жок деп ишендирди.

Мадина Абилкасымова, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы:

- Ал эми ишин токтоткон банктарга келсек, азыр Альфа-Банкты «Банк ЦентрКредит» сатып алды. Бүгүнкү күндө банктын аталышы өзгөртүлүп, эки банкты бириктирүү иштери жүрүп жатат. Башкача айтканда, «Альфа-Банк» «Эко Центр Банк» деп аталып, Банк Центр Кредиттин бир бөлүгүнө айланат. Тескерисинче, аталган банктагы жеке жана юридикалык жактардын бардык аманаттары жана депозиттери банктын борбордук кредитине которулуп, аманатчылардын алдындагы бардык милдеттемелер аткарылат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков