«Борбор Азия - Кытай»: Нур-Султанда тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жолугушуусу аяктады

«Борбор Азия - Кытай»: Нур-Султанда тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жолугушуусу аяктады

Казакстан менен Кытай улуттук валютада эсептешүүлөрдү кеңейтет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Ван И «Кытай-Борбор Азия» форматында өткөн тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, Кытай тарап «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында аймак өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөөгө ниеттенүүдө. Мындан тышкары, Ван И тараптар жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Кытай-Европа багытынын коопсуз жана туруктуу иштешин камсыз кылууну, бажы жараяндарын жеңилдетүүнү, жүк ташуу үчүн жашыл коридорлорду оптималдаштырууну, авиакаттамдарды кайра жандандырууну тездетүү, аймактагы жеткирүү чынжырынын бүтүндүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо көздөлүп жатканын маалымдады.

Ван И,  Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри:

- Биргелешкен билдирүүдө Кытайдын жана Борбордук Азиянын тышкы иштер министрлери жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып, түрдүү тармактарда тажрыйбалык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча конкреттүү сунуштарды карашты. Жол картасында Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыктын комплекстүү иш-аракеттер планы жана графиги камтылган. Кытай тарап күчтүү коомчулукту куруу кызыкчылыгында Борбордук Азиядагы өнөктөштөрү менен өз ара ишенимди жана кызматташтыкты тереңдетүүнү улантат.

Мухтар Тлеуберди «Борбор Азия – Кытай» Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун уюштуруу демилгеси 2020-жылы Кытай тарабынан сунушталгандыгын белгилеп өттү. Эки жылдан бери кызматташуунун бул форматы эффективдүү жана келечектүү экендигин далилдеди. Бул өз кезегинде тараптардын максаттарына жетүүгө жардам берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков