Санариптик майнингтен бюджетке 652 миллион теңге түштү

Санариптик майнингтен бюджетке 652 миллион теңге түштү

Майнинг үчүн төлөм акысы киргизилгенден баштап бюджетке 652 миллион теңге түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик киреше комитети билдирди. Бүгүнкү күндө төлөм акы өлкөнүн 12 аймагынан келди. Акчанын басымдуу бөлүгү өлкө казынасына Нур-Султан шаарынан которулган. Болжол менен 277 миллион теңгеге жакын. Андан кийинки орундарда  Батыш Казакстан жана Актөбө облустары турат. Бул аймактар ​​ 143 жана 49 миллион теңгеден каражат төлөгөн. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын үчтүн айынын 1нен тарта бул тармакта иштегендер үчүн атайын төлөм акы киргизилген. Башкача айтканда, аталган төлөм кызматты ишке ашыруу учурунда керектелген электр энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмү үчүн алынат. Анын суммасы 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1 теңгеден эсептелет. Азыркы учурда өлкө парламентинде  сумманы көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков