Казакстан уран экспорттоо боюнча лидер болду

Казакстан уран экспорттоо боюнча лидер болду

Казакстан табигый уранды жеткирүүчүлөр арасында дүйнөлүк рейтингинде лидер болуп саналат. Өлкөнүн үлүшүнө чийки заттын бул түрүнүн экспортунун 34%га жакыны же 1 миллиард доллардан ашыгы туура келген. Алдыңкы бештикке Казакстандан тышкары Канада, Намибия, Нигер жана АКШ кирген. Жалпысынан 2021-жылы өлкө 3,2 миллиард долларга жаратылыш уранын экспорттогон. Бул бир жыл мурункуга караганда 4 пайызга көп. Ал эми байытылган уранды жеткирүү Казакстанда 406 миллион долларга өстү. Натыйжада өлкөнүн үлүшү 14,3 пайызга жетти.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков