Казакстан Кытай менен чек арада контейнердик жүк ташуу терминалынын экинчи этабын ишке киргизди

Казакстан Кытай менен чек арада контейнердик жүк ташуу терминалынын экинчи этабын ишке киргизди

Кытай менен чек арада жайгашкан Достук станциясында ашыкча жүк ташуучу терминалдын экинчи бөлүгү ишке киргизилди. Эске салсак, инфраструктуралык объектти курууга 9 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылган. Достук станциясында жүктөө комплекси жылына 160 миңден 320 миңге чейин контейнер өткөрөт. Жаңы объект Кытайдан Казакстан аркылуу Европа, Борбордук Азия жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жүк жеткирүүнүн ылдамдыгын жогорулатат. Дагы бир айта кетчү жагдай, бул жерде жолдор негизги магистралдан тышкары жайгашкан. Ошондуктан, бул трансчегаралык темир жол түйүнүн бошотууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, Батыш Германияга Кытай Эл Республикасына тиричилик техникасы жүктөлгөн поезд жөнөтүлдү.

Тимур Карабаев, Транспорт-логистикалык компаниясынын башчысы:

- Мындай ири инфраструктуралык долбоорлор, биринчи кезекте, өлкөбүздүн транспорттук дараметин кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Кытайдан Европага, Орусия Федерациясына жана тескерисинче ташылган транзиттин көлөмү канча жүктөө орундарынын бар экендигине, алардын канчалык заманбап жана туура иштешине жараша болот.

Алексей Гром, Биргелешкен транспорт-логистикалык компаниясынын башкы мүдүрү:

- Бул ЕАЭБ алкагында эле эмес, бүтүндөй Евразия мейкиндигиндеги өтө маанилүү жана орчундуу окуя. Казакстанда транзиттик терминалдын ачылышы Түштүк-Чыгыш Азия, Кытай, Евробиримдик өлкөлөрүнүн экономикаларын бириктирүүгө жол ачат деп айтууга болот. Бул жерде кызматтардын ылдамдыгы, технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана сатуу жыштыгы жакшырды.

Белгилей кетсек, Казакстан аркылуу ташуулардын көлөмү 2021-жылы 20%дан ашык өскөн. Миллиондон ашык контейнер жүк транзити менен жөнөтүлгөн.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков