Казакстандын IT тармагында айымдардын үлүшү 5 пайыз

Казакстандын IT тармагында айымдардын үлүшү 5 пайыз

Казакстанда IT тармагында иштеген аялдардын үлүшү 5%ды түзөт. Бул эркектерге салыштырмалуу өтө аз көрсөткүч. Аталган маселе борбордо өткөн биринчи жолу уюштурулган IT WOMAN конференциясы алкагында көтөрүлдү. Иш-чаранын спикерлери болгон ийгиликтүү ата мекендик стартапчы кыз-келиндердин айтымында, бүгүнкү күндө IT тармагы эң кирешелүү тармак. Бул иште эң негизгиси - өжөрлүк, өз ишине берилгендик жана чыгармачыл болсо, ийгиликке жетүү кыйын эмес.

Салтанат Маширова, IT адис:

- Конференциянын максаты - аталган тармактагы таланттуу айымдардын башын бириктирип, колдоо көрсөтүү менен шыктандыруу. Көптөгөн аялдар бул тармакты жөн гана программалоо жараяны менен иштөө деп түшүнүшөт. Чынында, бул бир гана программалоону эле эмес комплекстүү мамилени да камтыйт. Мисалы дизайн, киберкоопсуздук, долбоорду башкаруу же инфраструктура.

Нуми Мусалиева,  IT адис:

- Чынында бул эң кызыктуу аймактардын бири. Ошондой эле, бардык IT эмес тармак акыры аягында ITге келет. Мейли автоматташтыруу же санариптештирүү болсун. Мен бул базарда жүргөнүмө 4 жыл болду. Казакстандагы эң ийгиликтүү жана эффективдүү кесип деп айта алам. Анткени өлкө азыр жеке секторго да, мамлекеттик секторго да чоң көлөмдө инвестиция салууда.

Белгилей кетсек, Еврокомиссиянын маалыматы боюнча 2020-жылы Европа биримдигинде маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагындагы кесипкөй аялдардын үлүшү 17 пайызды түзсө, АКШда бул көрсөткүч 30 пайызга жетет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков