Мамлекеттик кызматтагы кызматташтык

Мамлекеттик кызматтагы кызматташтык

Казакстандын мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы Борбор Азиядагы эң мыкты деп табылды. Бул тууралуу Венеция комиссиясынын өкүлдөрү билдирди. Ташкентте мамлекеттик кызматтарды модернизациялоо боюнча масштабдуу конференция өттү. Ага казакстандык делегация катышты. Жолугушууда Борбор Азиядагы демократияны өнүктүрүү жана укук коргоо маселелери талкууланды. Казакстанда тармакты санариптештирүүнүн аркасында мамлекеттик кызматтардын 90 пайызы онлайн режиминде жеткиликтүү.

Берик Беркимбаев, Мамлекеттик кызмат иштери агенттигинин төрагасынын орун басары:

- Биз бир нече мамлекеттик мекемелерди кыдырдык. Ичинде кызмат көрсөтүү борбору бар. Жалпысынан Казакстандагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасынан айырмачылыктары бар экен. Ошондуктан адистер менен пикир алышып, тажрыйба алмашабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков