Казакстанда күйүүчү май бөлүштүрүү боюнча электрондук маалымат тутуму киргизилет

Казакстанда күйүүчү май бөлүштүрүү боюнча электрондук маалымат тутуму киргизилет

Казакстанда күйүүчү май бөлүштүрүү боюнча электрондук маалымат тутуму түзүлөт. Жыл аягына чейин Айыл чарба жана Энергетика министрлигинин биргелешкен долбоору ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде Казакстандын энергетика вице-министри Асет Магауов билдирди. Электрондук система айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө күйүүчү май берүүчү компаниялар менен түз операцияларды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Асет Магауов, Казакстандын энергетика вице-министри

- Биздин оюбузча, электрондук маалыматтык системаны ишке киргизүү менен фермерлерге күйүүчү майдын көлөмүн ачык бөлүштүрүүгө, бөлүштүрүү тизмегиндеги ашыкча звенолорду жоюуга, ошондой эле мүмкүн болуучу коррупциялык компоненттердин алдын алууга болот.

Мындан тышкары, бирдиктүү маалымат базасы түзүлөт. Адистердин айтымында, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн күйүүчү майдын баасы чекене баадан 15-30 пайызга арзан болот. Быйыл жазгы талаа иштерине 400 миң тонна дизель майы бөлүнгөн. Бирдин айы-чын куран айларында 231 миң тонна же 92 пайызга жеткирилген.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков