ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнү арттыруу тууралуу чечим кабыл алды

ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнү арттыруу тууралуу чечим кабыл алды

Мунайдын баасынын туруктуу өсүшү уланууда. Бир баррелинин баасы азыркы учурда 110 доллардан ашты. Анткен менен айрым серепчилер жакын арада кара алтындын баасы акырындап төмөндөй баштайт деп болжолдошууда. Буга бир күн мурун ОПЕК+ өлкөлөрүнүн мунай өндүрүүнү көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алганы себеп болгон.

Жыйындын соңунда, ОПЕК+ өлкөлөрүндө өндүрүштүн учурдагы деңгээлин чектөөлөр толук алынганга чейин, күнүнө 432 миң баррелге жогорулатууну улантуу чечими кабыл алынды - деп айтылат Энергетика министрлигинин маалыматында.

Белгилей кетсек, Казакстандын 2022-жылдын кулжа айына карата милдеттенмеси суткасына 1,655 миллион баррелди түзөт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков