Казакстан жер казынасын пайдаланууга инвестицияларды тартууда

Казакстан жер казынасын пайдаланууга инвестицияларды тартууда

Казакстан геологиялык чалгындоо иштерине инвестиция тартууну мерчемдөөдө. Алсак, Улуттук экономика жана Финансы министрликтери жер казынасын пайдалануу үчүн салыктын альтернативдүү режимин, жер салыгын жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу жана башка преференцияларды берүүнү карап жатышат. Мындан тышкары, геологиялык чалгындоо иштеринин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн Энергетика министрлиги жаңы механизмди – деңиз долбоорлору, комплекстүү жер жана газ долбоорлору боюнча жакшыртылган моделдик келишимди киргизүүдө. Ошондой эле, өлкөнүн Жер казынасы жана жер казынасын пайдалануу кодексине өзгөртүү киргизүү пландалууда. Акыркы эки жылда геологиялык чалгындоо иштерине 173 миллиард теңгеге жакын каражат жумшалган. Ал эми 2018-жылдан бери 7 триллионго жакын чогултулган. Белгилей кетсек, Казакстанда жылына 39 тоннага жакын темир рудасы, 1,5 миллион тоннага жакын алюминий кычкылы, ошондой эле 3 миллион тоннага жакын жез жана 193 миң тонна коргошун концентраты өндүрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков