Казакстанда авто транспорт экспорту артты

Казакстанда авто транспорт экспорту артты

Былтыр Казакстан 12 миңден ашык унаа экспорттогон. Ал эми жыл башынан бери тышкы рынокко сунуш 45 пайызга өстү. Өлкөдө жасалган автоунааларды Орусия, Өзбекстан, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстан сатып алышат. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин комитети билдирди. Жалпысынан 2021-жылы өлкөдө 93 миң автоунаа чыгарылган. Адистердин айтымында, быйыл бул көрсөткүч 100 миңден ашуусу мерчемделүүдө. Белгилей кетсек, алгачкы төрт айда конвейерден 22 миңден ашык жаңы унаа чыккан. Баалардын көтөрүлгөнүнө карабай ата мекендик унааларга суроо-талап күч алууда. Анткен менен Казакстанда чогултулган унаалардын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу дагы эле төмөн - дешет адистер.

Анар Макашева, Казакстандык авто транспорт бизнеси бирикмесинин вице-президенти:

- Казакстанда унаалар башка базарларга караганда бир топ арзан. Дүйнөлүк рынокко салыштырмалуу арзан моделдер бар. Бирок бир эле үлгүдөгү унааларды, бирдей варианттарды жана жабдууларды салыштыруу керек. Ошондо биз өндүрүүчүлөрдүн жана өндүрүүчүнүн расмий өкүлдөрүнүн баасында олуттуу өзгөрүү жок экенин байкайбыз.

Белгилей кетсек, 2021-жылы жаңы унааларды сатууда ата мекендик өндүрүштүн үлүшү 65%ды түзөт. Быйыл бул көрсөткүч жеңилдетилген автонасыя программасынын эсебинен өсүшү мүмкүн. Өндүрүүчүлөр бардык суроо-талапты канааттандырууга даяр.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков