Казакстан Грузия аркылуу 3 миллион тоннага чейин мунай жеткирүүнү мерчемдеп жатат

Казакстан Грузия аркылуу 3 миллион тоннага чейин мунай жеткирүүнү мерчемдеп жатат

Казакстан 2022-жылы Грузия коридору аркылуу 2 миллиондон 3 миллион тоннага чейин мунай ташууну көздөп жатат. Мындан тышкары, бул көрсөткүч келечекте дагы өсө берет. Бул тууралуу Казакстандын президентинин атайын өкүлү Ержан Казыхандын Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили менен жолугушуусунда айтылды. Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу, айыл чарба жана транспорт тармагына басым жасады. Атап айтканда, Грузиянын жана бүтүндөй Түштүк Кавказ аймагынын транзиттик дараметин эффективдүү пайдалануунун маанилүүлүгү талкууланды. Грузин тарап казак инвесторлорун жылуу тосуп аларын белгиледи. 2022-жылдын алгачкы үч айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 29,5 миллион долларды түздү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков