Казакстанда турак жайдын баасы кымбаттайт

Казакстанда турак жайдын баасы кымбаттайт

Казакстандын рыногунда курулуш материалдарына болгон баанын туруксуздугунан улам алдыдагы 2-3 жылда турак-жайдын баасы көтөрүлүшү ыктымал. Азыркы учурда өндүрүш тармагында иштеген ишканалар баасын кайра эсептеп жатышат. Бул доллардын курсунун өзгөрүшүнө жана Орусияга каршы санкцияларга байланыштуу. Республиканын Куруучулар союзунун төрагасы Талгат Ергалиевдин айтымында, базардагы белгисиздиктен керектөөчүлөр да, ишкерлер да уттуруп жатышат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бирикме өлкөнүн 16 облусунан курулуш материалдарын өндүрүү жана куруу менен алектенген 1200 компанияны бириктирүүдө.

Талгат Ергалиев, Казакстандын Курулушчулар биримдигинин башчысы:

- Жакынкы 2-3 жылда курулуш материалдарынын баасы кайра көтөрүлүп, акыры турак-жайдын баасы да жогорулашы  мүмкүн. Бизге баа туруктуу болушу керек. Ошондон кийин гана курулушчулар өздөрүнүн пландуу пайдасын көрө алышат. Анткени, алар ишкер болгондон кийин кайсы тармакта иштебесин, өз тапшырмасын аткарса да, турак жай алса да, анын пайдасын көргүсү келет. Өндүрүшчүлөр да ушундай.

Бирок каатчылык – мыкты мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылууда дейт спикер. Анын айтымында, казакстандыктардын өндүрүштөгү үлүшүн көбөйтүүгө көңүл буруу зарыл.

Талгат Ергалиев, Казакстандын Курулушчулар биримдигинин башчысы:

- Биринчиден, абдан күчтүү программалар болушу зарыл, өндүрүштү өнүктүрүүгө каражат бөлүнүшү керек. Азыркы учурда андай программалар жок. Учурдагы каатчылык кезинде бул тармакка, экономикага, курулуш тармагына акча бөлүп, программаларды ачуу кажет. Бул тармакты кайра жандандыруу зарыл. Бизге цемент, экинчиден кыш, үчүнчүдөн темир керек. Курулушка колдоно турган темир буюмдар керек. Арматура, бурчтук бар, тигүүчүлөр керек. Ушул үч нерсени өзүбүздө көп чыгарсак, атаандаштыкка туруштук берип, анан айрым көйгөйлөрдү чечебиз деп ойлойм.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков