Казакстандан Азербайжанга жиберилген экспорттун көлөмү артты

Казакстандан Азербайжанга жиберилген экспорттун көлөмү артты

2022-жылдын башынан бери Казакстандан Азербайжанга экспорт 15 эсеге өстү. Эки тарап 175 миллион долларлык рекорддук көрсөткүчтө соода жүгүртүүгө жетишти. Өткөн жылдын ушул мезгилинде ал болгону 12 миллион долларды түзгөн. Ички экспорттун 60-70 пайызын мунай жана мунай өнүмдөрү, металл жана металл буюмдары, курулуш материалдары, токой жана химия өнөр жайы түзөт. Серепчилер жүктүн көбөйүшүн эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана транзиттик абалдын жакшырышы менен байланыштырууда. Ошондой эле азыркы геосаясий кырдаалга байланыштуу сооданын жаңы багыттары пайда болуп, бизнес эң оптималдуу жана коопсуз жолдорду тандоого аракет кылып жатат.

Эльшад Мамедов, экономист:

- Албетте, Казакстандын экспортунун өсүшү биринчи кезекте энергия алып жүрүүчүлөрдү экспорттоо менен шартталган. Менимче, бул тенденция кыска мөөнөттө уланат, анткени ага Украинадагы кырдаал жана жалпысынан азыркы экономикалык абал таасир этти. Андыктан мунайдын баасы жыл аягына чейин көтөрүлө берет.

Учурда эки тарап мультимодалдык жеткирүүнү көбөйтүүгө артыкчылык беришет. Транскаспий багыты боюнча жүк ташуу тездик менен өнүгүп жатат.

Эльшад Мамедов, экономист:

- Евразиялык экономикалык интеграция мындан ары дагы өсөт деп ойлойм. Казакстан тышкы экономикада өзүнүн коңшулары менен экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө артыкчылык берет. Бул контекстте соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү Азербайжан үчүн да, Казакстан үчүн да пайдалуу.

2022-жылдын биринчи кварталында Транскаспий багыты боюнча жүк ташуу 123 пайызга көтөрүлүп, 266 миң тоннага жеткен. Ал эми контейнерлерди жүктөө көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу 19 пайызга өскөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков