Мунайды кайра иштетүү заводдоруна чийки зат жеткирүү түзүмү өзгөртүлөт

Мунайды кайра иштетүү заводдоруна чийки зат жеткирүү түзүмү  өзгөртүлөт

Мунай өндүрүмү рыногун монополиядан чыгаруу максатында Казакстандын Энергетика министрлиги заводдорго мунай берүүнүн учурдагы структурасын өзгөртүүнү жана андан өндүрүмсүз ортомчуларды алып салууну сунуштоодо. Тиешелүү бөлүмдүн башчысы Болат Акчулаков белгилегендей, учурда Атырау нефтини кайра иштетүүчү жана Павлодар мунай-химиялык комбинатында суюлтулган газды сактоочу парктар жана жүктөөчү стеллаждар жеке уюмдарга тиешелүү.

Алар кошумча акыга кызмат көрсөтүшөт жана бул өз кезегинде газдын акыркы баасын жогорулатат. Буга байланыштуу Энергетика министрлиги суюлтулган мунай газын кайра куюу жана сактоо боюнча кызматтарды көрсөткөн нефтини кайра иштетүүчү заводдордун объектилерин баланска кайтаруу маселесин иштеп чыгууну сунуштоодо.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков